Мамаев өткөн жылдын апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) менен иш козголгон.
Эске салсак, Дулат Кожоев аттуу адам 1-апрелде үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан.
Тышкы иштер министрлиги Памир өрөөнүндөгү курч вирустук инфекциянын жайылышы жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу ЖМКларда тарап жаткан маалыматты текшерүүдө.
Телефондук байланыштын жоктугунан Кыргызстандын элчилигинин өкүлү Улуу Памирдеги кыргыздардын абалын билүүгө жөнөтүлдү.
Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын очогу жок экендиги аныкталган.
Ошто түнкү клубда мушташка катышкан УКМКнын кызматкери иштен алынды.
Окуя 2-январда болгон. УКМ "коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алган".
Учурда бул факты боюнча Аскердик прокуратурасы тарабынан тергөө жүргүзүлүүдө.